Режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Россиядагы «Киношок» эл аралык кинофестивалында 2 сыйлык алды. Бул тууралуу тасманын тартуучу тобунан билдиришти.
Аталган тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.
Сыйлыктардын бирине — калыстардын атайын сыйлыгына тасмада башкы ролду ойногон Артур Аманалиев татыса, мыкты музыка үчүн сыйлык композитор Мурзали Жээнбаевге берилген.
Тасманын синопсиси:
Кыргызда «шам» — «жарык» дегенди билдирет. «Шамбаланын» түзмө-түз мааниси «шам» — » бала» же «жарык чачкан бала» деген маанини туюндурат.
Ал баланын эки жомогу бар эле. Бирөөсүн эч ким билбейт, ал эми экинчиси чоң атасы айтып берген жомок . Кийин экөө тең жок болду.⠀
Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен багып чоңойткон Бугу жөнүндө илгерки жомокко — мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет. ⠀