Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунун иш сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарда Өкмөт башчы Кочкор районунун Мантыш айылында курула турган социалдык шаарчанын пайдабулына капсула салуу аземине катышат. Ошондой эле анын курулуш долбоору менен таанышат.