Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Степное айылындагы аялдардын № 2 түзөтүү мекемесине барды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышты.

Вице-премьер-министр түзөтүү мекемесиндеги аялдардын жашоо шарты жана андагы өндүрүш тилкесин көрдү. Муну менен катар соттук-укуктук реформанын алкагында мекеменин планына ылайык салынып жаткан объектинин курулушу жана реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Ошондой эле Максат Мамытканов соттолгон аялдарды кайра коомго көндүрүү максатында түзүлгөн түзөтүү колониясындагы «Таза аймак» реабилитация борборунда болду.

Андан соң вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунун иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, Борбор Кыргыз Республикасынын бардык түзөтүү мекемелеринин аймагында коопсуздук системасын көзөмөлдөөнү жана өтө кооптуу жагдайларга автоматтык түрдө көз салуу менен ага жооп кайтарууну ишке ашыруу үчүн ведомстволук мекемелерде абалга борборлоштурулган ыкчам байкоо жүргүзүү максатында түзүлгөн.

Түзүлгөн борбордун негизинде соттолгондор тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын азайышына, ошондой эле мекемелердин кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерин сапаттуу аткаруу деңгээлинин жогорулашына жетишилгендиги белгиленди.

Вице-премьер-министр соттук-укуктук реформанын алкагында жасалган иштерге оң баасын берди. Мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы техникалык жабдууларды заман талабына жооп бериш керектигин белгиледи.

«Тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө жогорку технологияларды киргизүү мамлекеттик түзөтүү мекемелеринин ишинин сапатын бир кыйла жакшыртат. Бул багыттагы иштерди улантуу зарыл»,- деди Максат Мамытканов.

Вице-премьер-министр соңунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине жана өздүк курамына артыкчылыктуу тапшырмаларды берди. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Тартип Уставынын бардык нормаларын сактоого чакырды. Ал жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү