Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековго карата Талас облусундагы добуштарды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Белгилей кетсек, буга чейин экс-спикер Талас районунда жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом сүйүнчү пул бергени маалымдалган. Ымыркайга Дастан деген ысым коюлган.

Каражат Дастанбек Жумабековдун өздүк каражаттарынан бөлүнгөн деп айтылып келген, бирок кийин социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, добуштарды сатып алуу жөнүндө сөз башталганда, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы каражат төраганын фондунан бөлүнгөн деген маалымат тараткан.

Жумабеков Кызыл-Адырдын ооруканасына барганда өз үй-бүлөсүнүн атынан 50 миң сом көрүндүк берип, жакынкы жылдарда Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ар бир балага мамлекет тарабынан ушундай өлчөмдө “сүйүнчү пул” берилээрине ишендирип кеткен.