Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кайсы теоретиктердин  БШКнын мүчөлөрү күбө катары суракка келүүлөрү жөнүндө кабарлама боюнча, андан сырткары жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдары жөнүндө билдирүүлөрү жарыяланууда.

Бул билдирүүлөр кеңири талкуу жаратып, коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги  тактоо иретинде жана туура эмес маалыматтардын жайылышын алдын алуу максатында төмөнкүлөрдү маалымдайт. Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.

2020-жылдын 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренеси (Шалаакылык) боюнча материал каттаган. Сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүү тапшырмасы берилген. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык жарандар өздөрүнүн шайлоо укугун ишке ашырат жана мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо менен шайлоого катышууга укуктуу. Бирок,  шайлоону даярдоо жана өткөрүү маалында көптөгөн бузуулар катталган. Бул  жөнүндө маалыматтык ресурстардагы маалыматтар, укук коргоо органдарынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган  материалдары тастыктайт. Шайлоо мыйзамдарын бузуу массалык баш аламандыкка алып келген масштабдуу каршылык акциясы өткөн.

Ички иштер министрлиги өз ишин мыйзамдын талаптарын катуу сактоо менен өз ыйгарымдарынын чегинде гана иш алып барып жаткандыгын билдирет. Жогорудагы тергөө амалдары Кыргыз Республикасынын Жазык-процестик кодекстин жобосуна ылайык жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бардык тиешелүү документтерин алууга уруксат берген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Азыркы учурда токтом күчүнө кирип, аны аткаруу милдети жүктөлгөн.

Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш   Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

ИИМ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын  шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт жана укугу жок

ИИМдин Басма сөз кызматы