Сүрөттө калган элестер бүгүнкүдөй жандуу, бүгүнкүдөй таасирдүү! Улуу инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков бүгүн 25-октябрда 110 жашка толот. Бүгүнкүнүн Дүйшөнү аталып жүргөн Гапыр агайыбыз дайыма айтат: «Исхак Раззаковду мактабагыла, ал ага муктаж эмес, Исхак Раззаковду үйрөнөлү» деп. Тазалыктын, адилеттүүлүктүн, мекенчилдиктин символуна айланган Исхак атабыздын өмүр жолун, мамлекетке жана мамлекеттик кызматка болгон мамилесин ҮЙРӨНӨЛҮ!!!

Сейрек кездешкен сүрөттөр Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн кызматкери Назакат Максутованын Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Назакат Максутовага терең ыраазычылык билдиребиз.