Исхак Раззаковдун кызы – Элмира Раззакова менен болгон эссе-эскерме

“Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин”. Балка.

Кылымдар кыйырын карыткан уюткулуу кыргыз элинин чыгаан да, чынар теректей уулдарынын бири, өзүнүн эле эмес, боордош өзбек эли үчүн да эбегейсиз эмгек сиңирип кеткен идиректүү инсан – Исхак Раззаковдун бейнесине арналып канча сөздөр жазылды, дагы да жазыла бермекчи.Ысымы биз үчүн ыйык тумарга айланган ардактуу агабыздын кызы – Элмира эже менен бет-маңдай олтуруп, атасы тууралуу маектешүү бактысы мага бир топ жыл мурда насип эткен болчу. Анда, сөз кезеги Исхак кызы Элмира эжеде:

“ТАГДЫРДЫН ЭҢ КЫМБАТ БЕЛЕГИ”

“Адатта, атам сындуу өз өмүрүн эли үчүн сайып коюп, “саргара жортуп, кызара бөртүп” иштеген адамдар жөнүндө: “Ал өз мезгилинин адамы эле” деген сөздү укпаган адам аз эле болсо керек. Жок, менин атам келечектин адамы эле. Ал өз ыктыяры менен тактикалык жолду тандап алган чыныгы экономист жана саясатчы болчу. Бул эки сапаттагы анын ишмердигин айкындаган берене бирөө эле болчу: “Бул – республиканын элине эмне берет?”. Ал эми “ЭЛ” деген түшүнүк ал үчүн саясий-экономикалык лексикондун ашмалтайы чыккан атрибуту эмес, чыныгы, тирүү камертон болчу. Ушул бийиктиктен туруп гана ал өзүнүн кесиптик милдетин багыттачу.Атам жөн гана камкор жана мээримдүү ата болбостон, ал биринчи кезекте менин эң жакын жана жандан артык көргөн адамым эле. Мындай атага ээ болуу – кандай гана адамга болбосун тагдырдын эн кымбат белеги болуп калмак. А мен үчүн тагдырдын бул белеги андан да кымбат болуу менен, бала кезимдеги тез-тез кайталанып турган ооруулар, кийинчерээк чоң турмуштун астанасын аттап жаткан ар бир эле жаш адамга мүнөздүү турмуштун өйдө-ылдыйы, оош-кыйыш жагдайлары, эгер атам жанымда болбогондо, жашоомдун башында эле белимди бүгүп, кабыргамды кайыштырып коймок…”

“ТАБИГЫЙ ПЕДАГОГ ЖАНА ЧЕЧЕН ЭЛЕ”

“Ал мага эч качан үнүн көтөрүп, же болбосо узундан-узун акыл-насаат айтып сүйлөчү эмес. Ар качан, менин балалык чагымда да мени менен чоң адамдарчасынан сүйлөшчү. Эгер бирдемкеге ынандыргысы келсе, ал чыдамкайлык менен түшүндүрүп, а эгер зарыл деп эсептесе, талашып-тартышчу. Менин студенттик жылдарымда экөөбүздүн ортобузда кандай гана талашып-тартышуулар өтпөдү дейсиз. Бирок, ал мага сездирбестен биздин талашты оң жакка буруп койчу. Анан, экөөбүз менин өжөрлүк менен көктүгүмдү шылдыңдап, бир далайга каткырып күлчүбүз. Мында ар дайым анын табигый педагогдугу менен чукугандай сөз тапкан чечендиги жардамга келээр эле. Анын көзү өткөн соң, балалык, жаш улан кезден берки достору канча ирет: “Анын үнүн, тамашаларын, куйкум сөздөрүн эми кайдан угабыз?” – деп, каңырыгы түтөгөнүн көп эле уктум…”

“АЛ ЭЧ КИМГЕ “СЕН” ДЕП КАЙРЫЛБАГАН”

“Элүүнчү жылдардын ортосу. Автоунаада Курдай тарапка баратабыз. Бул тарап анын эң сүйүктүү багыты болчу. Жекшемби күндөрү (эгер республика боюнча кызмат сапарынан бошоп, үйдө болуп калса) шаардын четине чыгып, ай талаада жалгыз басып жүргөндү жактырчу. Жерге жете ийилип, колуна топурактан уучтап алып, аны далайга үңүлө карап, анан аны жыттап туруп: “Жердин жытынан өткөн жагымдуу жыт болбосо керек!” – деп айтканы дале эсимде. Айрыкча, шыбак жытын жактырчу. Шыбак жытынан терең искеп, жылмайып туруп: “Көөдөнүм кеңейип, көңүлүм көтөрүлө түштү”” – дечү, ыраматылык атам.Атам, адатта, машинесинин тез жүргөнүн жактырчу. Айдоочуга: “Дагы бир аз тездей түшүңүз?! Кандай адам тез жүргөндү жактырбасын” – дегенин көп жолу уктум. Ал өзүнүн өмүрү үчүн жооп берген коопсуздук комитетинин кызматкерлерине болобу, милиционерлер менен айдоочуларга болобу, эч убакта “СЕН” деп кайрылчу эмес. СССРдин саламаттыкты сактоо министрлигинин 5-Башкармасынын санаториясында эс алып жаткан инсандардын арасында карөзгөй жана өзүмчүл адамдарды жолуктуруп, көңүлү аябай кирдегени бар”.

“АЛ АДАМДАРДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮ”

“Ал адамдарды чын ыкласынан жакшы көрүп, аларга дайыма ак дилинен мамиле жасачу. Айдоочулардан, милиция кызматкерлеринен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолугу, үйүнүн курулушу, жарадар буту (согушка катышкан бир айдоочунун буту жарадар эле) жөнүндө тез-тез сурап турчу. Муну ал жөн эле сүйлөшүү үчүн эмес, эгер зарыл болсо көмөк көрсөтүү үчүн жасачу. Башкаларга жардам берүү, колдоо, көңүлүн көтөрүү анын адамдык мүнөзүнүн ажырагыс бөлүгү эле”.

“БИЗДИ НЕГЕ ЭРТЕ ТАШТАП КЕТТИ?..”

“1980-жылы Москвага көп жылдардан кийин менин университетте бирге окуган курбум келип калды. Чемоданын ачып, жүндөн токулган кийимдерди алып чыгып: “Көрдүңбү, мен Исхак Раззаковичтин табитин дале унута элекмин. Анын астмасы кандай?” – деди. Анын бир жыл мурда каза болуп калганын угуп, алып келген буюмдарын колуна кармаган бойдон саамга өзүн жоготуп, анан: “Кудай ай, бул кандайча болуп кетти? Бизди неге мынча эрте таштап кетти? Мен эми ким менен кеңешем? Ким эми мага акыл айтат?” – деп, ыйлап жатты. Студенттик жылдарында, кийинчерээк Москвага жакын жердеги айылда мугалим болуп иштеп жүргөнүндө ал биздикине тез-тез келип, атам менен түн жарымына чейин отурушуп, анын мектептеги, дегеле турмушундагы маселелерди талкуулашчу”.

“МЕН АЛСЫЗ БОЛУП КАЛГЫМ КЕЛБЕЙТ!..”

“… Атамдын өмүрүнүн акыркы жылдары. Анын астмасы кыйнап, ооруусу күчөп жүрчү. Москванын узакка созулган күз-кыш мезгилдери эч качан бүтпөй тургандай сезилээр эле. Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгүнөн (постоянное представительство – авт.) телефон чалышып, аны партиялык чогулушка чакырышты. Ал мурдакы чогулушка катуу ооруп, барбай калган. Бул ирет ал деми кыстыгып, кыйналып турганына карабастан, жылуу кийинип камына баштады. Туруктуу өкүлчүлүккө чалып, өзүн жаман сезип тургандыктан, бүгүн да чогулушка катыша албай турганын, а эгер бара турган болсо бир канча жумага төшөккө жатып калаарын айтаарымды билдиргенимде, атам мага бир аз ачуулуу карап: “Сен менин өтө эле алсыз болуп калганымды каалайсыңбы? Ал жакта мени жолдошторум күтүп жатышпайбы! Анын үстүнө алар менен республикадагы иштер жөнүндө далайдан бери баарлаша элекмин. Мени капа кылбагын. Телефон да чалба, өкүлчүлүккө чейин мени жеткирип койомун деп да убара тартпагын, бир амалдап өзүм жетип аламын”, — деди”.

“ЧЫГАРМАЧЫЛ ЭРГҮҮ, ИЛХАМ ҮЧҮН”

“… А.П. Чехов – атамдын эң сүйүктүү жазуучусу эле. Анын кроватынын жанындагы тумбочкада ар качан Чеховдун чыгармалырынын бир томдугу турчу. Ардактуу эс алууга чыккан соң, ал кайрадан адабий котормо иши менен шугулдана баштады. Жазуу столунун үстүндөгү китептердин жанында да Чеховдун портрети. Ал жөнүндө атам: “Чыгармачыл эргүү, илхам үчүн!” – дечү. Москвада өткөн студенттик жылдарында Маяковский менен Есениндин жактоочулары катышкан диспуттарга барып жүргөнүн ал мага канагаттануу менен айтаар эле. Ал чыныгы есенинчи болгон. Ар дайым улуу акынды эскергенде ак кайыңды, жайкы талааны элестетээрин айтып калчу. Москвага жакын жердеги токойдо сейилдеп жүргөнүбүздө Есениндин ырларынын бир далайын жатка билгендиктен, мага тез-тез окуп берчү. Атам орус жазуучусу Иван Буниндин чыгармаларына да терең урмат менен мамиле кылчу.

Бир ирет “Бүткүл дүйнөлүк адабият” жыйнагынын кезектеги томдугунда анын ырларын жолуктуруп: “Азаматтар!” – деп айтканы эсимде. А көрсө, “Азаматтар” деп, Буниндин ырларын ошол китепке киргизгендерди айткан тура. Небересине анын балдар үчүн жазылган ырлар жыйнагын тартуу кылганда мен: “Анын курагына төп келбейт ко, ал үчүн али эрте эмеспи?” – дегенимде, атам: “Баланы адабиятка кызыктырууга эч качан эрте да, кеч да болбойт. Бир аз чоңойгондо өзү окуп алат. Азырынча ага мен окуп беремин” – деди. Буга таң калган башкалар да: “Упчу эмген бала китептен нени түшүнмөк?” – дешкенде, атам камырабастан: “Баланы китепкөйлүккө, так жана татынакай сүйлөөгө ал туулар замат эле үйрөтө баштоо керек” – деген болчу. Атам эң баалуу белек деп китепти гана эсептечү. Ал китепти материалдык баалуу буюм катары кабылдап, аны сонун мукабалоочу. Буга ал балдар үйүндө тарбияланып жүргөндө үйрөнгөнүн айтаар эле. Ага эски, көөнө басылмалардын жыты өзгөчө жагаарын баарыбыз билчүбүз. Студенттик жылдарымда колума стипендия тийип, кудуңдап сүйүнө, букинисттик дүкөндөргө, айрыкча “Националдын” жанындагы китеп дүкөнүнө барып келгенимден кийин, атам менден кандай жаңы китептер түшкөндүгү жөнүндө такып сурачу. Анын букинисттик китепке болгон ышкысын, театрга болгон чыныгы сүйүүсүн, ал өзү айткандай, Москва ойготуп, тарбиялаган экен”.

“СЕНИН АТАҢ – ЧЫНЫГЫ ДЖЕНТЛЬМЕН!”

“Көбүнчө мен өзүмө-өзүм мындай суроо менен кайрыла беремин: “Атамдын мүнөзүндөгү аялзатына карата болгон рыцардык, айкөл мамиле, анан калса кандайдыр бир өзгөчө, жумшак мамиле качан калыптанды экен?”. Тагдырдын тамашасы менен жалгыз бой калган бир курбумду атам өтө назиктик менен камкордукка алып, анын атасыз өсүп келаткан наристе кызын аяй берчү. 1964-жылдын 1-январында атам ага телефон чалып: “Силер, Анечка экөөңөр, зеригип отурбастан, биздикине келгиле. Жаңы жылды силер менен чогуу тосуу – биз үчүн бакыт!” – деди. Люсянын кызынын туулганына бир канча гана ай болгондуктан ал, албетте, жаңы жылды уктап жатып тосту. Ал эми курбум болсо ошол кечти такыр эсинен чыгарбай: “Сенин атаң – чыныгы джентьлмен!” – деп, аны менен вальска түшкөнүн улам-улам эстей берчү.Бир ирет мен эмне үчүн аял затына ушундай мамиле кыласыз деп сурап калганымда, ал: “Мүмкүн, өз энемди көрбөй, балдар үйүндө чоңойгонумдан болсо керек. Мен аялзатынын өзүндө, турган турпатында биринчи кезекте анын өмүрдөгү эң ыйык милдети – энеликти көрөмүн. Мындан улук, мындан бийик эмне бар?” – деп, мени сүйүндүрүп койгон.Дагы бир жолу уулум Берк: “Чоң атама жакпаган эң жаман нерсе эмне эле?” – деп сурап калды. Ал эми жооп бирөө гана болчу – кара ниеттик. Атам өзү чынчыл адам болгондуктан, жогорудагы нерседен өтө көп жабыркаган. Көөдөнүн эмне өйүп турса ошону сүйлөгөндүктөн, анын көңүлүн көп ирет калтырышкан. Бирок, ал өз оюнан эч качан кайткан эмес”.

“БАЛАЛУУ БОЛУУ – ЭҢ ЗОР БАКЫТ!”

“”… Берк жаңыдан төрөлгөндө атам төрөт үйүнүн мен жаткан палатасына жөнөткөн кичинекей катында: “Беркешка үчүн сага ыраазымын!” – деп жазыптыр. Андан кийин да ал неберелүү болгонуна жетине албай: “Карыган адамга эмне керек? Албетте, неберелери менен алектенүү! Пенсионер үчүн мындан артык бакыт болбосо керек!” – дечү. Биз жашаган подъезддеги кемпирлердин: “Мындай камкор, боорукер, анан баласаак адамды чанда жолуктурасың” – деп, эчен ирет шыпшына кеп кылышканын эчен ирет кулагым чалган”.

“АЛАРГА ЧОҢ АТАЛАРЫ ТӨРӨЛГӨН ЫЛАЙ ҮЙДҮ КӨРСӨТӨМ!..”

“… Бир күнү атам, энем жана мен болуп үчөөбүз отурганда: “Өлгөнүмдө өзүмдүн ата-журтумдун топурагына эмес, Москвада көмүлөөрүм кандай гана өкүнүчтүү” – деп калды. Энем медик болгондуктан, анын көңүлүн көтөрүп, аны-муну айтып алаксыткысы келгенде, ал муңайыңкы, маанайы пас: “Жок, мен сезип турам, дал ошондой болот” – деди. Ырас эле, бир жылдан кийин атам каза болуп калды. Ошондо да, андан кийин да анын бул сөзүнүн артында эмне жатканын андан сурабадым. Анткени, ансыз да азапта жүргөн атамдын жан дүйнөсүнө бүлүк салгым келбей, анан да Москвадагы жана Кыргызстандагы ошол кездеги кырдаалды көрө-биле туруп, ооруулуу атам менен саясий талаш-тартышка баргым келбеди. Мындай дискуссиялар эчтеке деле бермек эмес.Атам өзүнүн сөөгүн Москвага коюу жөнүндө эч кандай керээз калтырган эмес. Партаппаратчылардын, республиканын ошол кездеги жетекчилеринин мындай “оюндары” саясатта эчтеке түшүнбөгөн адамга деле аттын кашкасындай дайын болчу. Анан да 1979-жылы май-июль айларында неберелери Берк менен Динараны алып, Ташкент шаары аркылуу өзүнүн киндик каны тамган Ата Журту — Лейлектеги Коросон айылына жөнөп отурган атам жогорудагыдай керээз калтырышы мүмкүн беле? Эсимде, 18-март, жекшемби эле, түшкү тамак маалында атам кубанычтуу маанайда: “Мына, март да кирип келди, айлана жаз жыттанып калды. Буюрса, жакында неберелерим менен Коросонго кетем, аларга чоң аталары төрөлгөн ылай үйдү көрсөтөм” – деди. Бирок, таш боор тагдыр, ырайымсыз ажал ошонун эртеси эле аны бизден бөлүп кетти”.

“АЛ ТУУЛГАН ТУУРУН ЖАНЫНАН АРТЫК СҮЙЧҮ”

“Мен бул жарык дүйнөдө канча жашабайын, жүрөк сыздаткан өкүнүчтүү ой – атамдын Беркке көсөтөм дегендери ишке ашпай калганы көкөйүмдөн асти кетпес. Коросонду көрүү бактысына менин уулум 1990-жылдын күзүндө гана ээ болду. Ага бул мүмкүнчүлүктү түзүп беришкен атамдын жердештери, туугандарына чын дилимден чыккан ыраазычылыгымды билдиремин.Атам өзүнүн туулган туурун жанынан артык сүйчү. Ата Журту жөнүндөгү ойлору, бийик максаттары менен жашап, катуу кусаланып, Кыргызстанга байланышкан өзүнүн кубанычын да, кайгысын да бизден эч качан жаап-жашырчу эмес. Мен үчүн, иним, буларды эскерүү да, айтуу да өтө оор. Анткени, атам үчүн менин жан дүйнөмдө эч качан өчпөй турган өксүк — өз жумуриятына керт башын сайып коюп кыламын деп жүрүп, үрөй учурган адилетсиздикке туштугуп, өз Мекенин көрбөстөн көз жумганы көөдөнүмдү эзип, көкүрөктө жашай берет. Буларды мен сага анын карачечекей кызы экеним, же болбосо, ушунча мезгилден кийин Раззаковго эстелик тургузуу үчүн айтып жатканым жок. Ага атама окшогон инсандар көзүнүн тирүүсүндө да, көзү өткөн соң да муктаж эмес!” – деп, каректерине толо түшкөн ачуу жашын алаканы менен аарчып, үнсүз ыйлаган Элмира эже атасы жөнүндөгү бул эскерүүлөрүнүн соңуна чыкты…

СӨЗ СОҢУ

Элмира Исхаковнанын улуу инсан жөнүндөгү айтаар сөзү, эскермелери мындан да арбын, мындан да бай жана мазмундуу экенинде шегим жок. Бирок, аны, өзү айткандай, оор эскерүүлөр менен кыйнай бергим келбеди. Дегеле, бул адамгерчиликке да жатпас жорук болмок…… Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, акыретиңиз абат, ыйманыңыз саламат болсун, оо кыргызымдын кыраан жигити!!!

Абдиллабек АВАЗОВ,КР журналисттер Союзунун мүчөсү,маданияттын мыкты кызматкери. Исфана шаары. Октябрь, 2020-жыл.