25-октябрда Баткен районунун, Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан, тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Тажик тарап, курулуш иштерин Кыргызстандын аймагы болуп эсептелген 50 метр аралыкта жана тактала элек аймакта жүргүзүшкөн. Мындан улам Кыргызстандын чек арачылары, буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ылайык, делимитация жүрө элек аймакта курулуш курууга мүмкүн эместигин эскертип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Азыркы учурда курулуш иштери токтотулду. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун тапшырмасына ылайык, өкүлдүн аппаратынын укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары А. Набиев, Тажик республикасынын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Чек арадагы абал, ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө, учурда абал тынч.

Белгилей кетсек, бүгүнкү болуп өткөн окуяга Тажикстан республикасынын Исфара районунун басма сөз кызматы тараткан маалымат чындыкка дал келбейт. Туура эмес, провокациялык маанайдагы мындай маалыматтар, чек арадагы пикир келишпестиктерди курчутууга себепкер болот деп эсептейбиз.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы