Милициянын генерал-майору, Кыргыз Республикасынын Генералдар клубунун төрөгасы Дубанаев Садырбек Мамбеталиевичке «Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Бул наамды Садырбек Мамбеталиевичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түлөбаев Балбак Зарлыкович тапшырды. Облус башчысы Балбак Зарлыкович Садырбек Мамбеталиевичтин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын түзүлүшүнө чоң салымын баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Гербинин авторлорунун бири катары мамлекеттин алдында эмгектери зор экендигин билдирди.

Өз кезегинде Садырбек Дубанаев символду түзүүдө Асеин Абдраев экөөбүздөн сырткары өздөрүнүн сунуштарын киргизген көптөгөн адамдардын эмгеги бар экендигин кошумчалады.

Милициянын генерал-майору облус башчысына өтө маанилүү сыйлыкты тапшырганына ыраазычылыгын билдирди.
«Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу” наамы Садырбек Дубанаевге социалдык-экономикалык чөйрөдөгү эмгеги, коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө жана Ысык-Көл облусунун калкынын интеллектуалдык жактан өнүктүрүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Белгилеп кетчү жагдай, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун кулуну Садырбек Дубанаев 1994-2001-жылга чейин Нарын ОИИБди, андан соң Жалал-Абад ОИИБди башкарган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген.2002-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Гербинин авторлорунун бири.

ИИМдин Басма сөз кызматы