Бүгүнкү
күнгө карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 42 миллион
923 миң 311 болду. Анын ичинен 28 миллион 898 миң 316 бейтап айыгып чыкты. Ал эми,
ооруудан 1 миллион 152 миң 978 адам каза болду.
Коронавирус
эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 633
миң 194 жарандан коронавирус аныкталды.
225 миң 215 адам каза болсо, 3 миллион 422 миң 878 бейтап сакайып чыкты.