Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү 2021-жылдын 10-январына белгиленди. Мындай шартта шайлоо кандай талаптар менен өткөрүлөт?

Бул боюнча суроолорго БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов жооп берди.

«Календардык пландын негизинде жана конституциялык мыйзамдын негизинде президенттикке сунушталган талапкерлер 2 субъектен болот. Биринчиси, жарандар өздөрүн өзү көрсөтөт. Экинчиден, талапкер саясий партиялар тарабынан сунушталат. Бардык жол-жоболор мыйзамда көрсөтүлгөн. Ошого жараша талапкерлерди жылдыруу 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө бир дагы жарандан талапкерлигин көрсөтүү же саясий партиялардан талапкерлерди жылдыруу сунушу түшө элек. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрдан баштап жүргүзүлөт. Ал эми 7-декабрга чейин документтерди тапшыруу жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бардык өнөктүктөр төрттөн бирге кыскарат. Учурда шайлоого кетчү каражат боюнча чыгымдардын сметасы эсептелип жатат, болжол менен 500 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Бирок бул болжолдуу гана сумма», — деди Абдыжапар Бекматов.