Жалал-Абад шаарында Баткен коогалаңынын 21 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаадагы Жеңиш эс алуу багында өткөн иш-чарага Баткен коогалаңынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин жакындары катышты. Алгач атайын эстеликке гүл коюлуп, окуяда каза болгондорго багышталып куран окулду. Мында пандемиялык шартка ылайык даталуу күн ири масштабда өткөрүлбөгөндүгү айтылып, эл жерди коргоодо сырткы күчтөр менен баатырларча салгылашкандардын эмгеги унутулбастыгы белгиленди. Ага кошо бир катар катышуучуларга республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңеши тарабынан медаль ыйгарылды.

Жергиликтүү бийлик тарабынан курман болгон 8 жоокердин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү. Аны менен бирге бул жылы Баткен коогалаңына катышкан 100 ардагерге калаа казынасынан каражат бөлүнүп, атайын медаль жасатылмакчы.

Белгилей кетсек, 1999-жылы Баткен облусунун аймагына куралчан күчтөр бастырып кирип, ага каршы Жалал-Абад шаарынан жүздөн ашуун жоокер катышкан.