Акыркы убакта өлкөдө коронавирус оорусу күч алууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы брифингде билдирди. 

Анын айтымында, өлкөбүздө болуп өткөн акыркы саясий окуяларга байланыштуу адамдардын массалык топтолушу, алдын алуу иш-чараларынын сакталбагандыгы өз жемишин берүүдө. 

Ошондой эле ал, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү сандагы орундарды даярдоо, дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен камсыз кылуу азыркы тапта приоритеттүү милдеттердин бири экенин белгилеп кетти. Министрлик башка оорулары бар бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.