Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына болжол менен 50дөй адам чогулду. Алар парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өтүшүн талап кылышкан. Митингге келгендердин көбү шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын өкүлдөрү экени маалым болду.

Эске салсак, парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү боюнча БШКнын чечими чыккан. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары 22-октябрда шайлоонун күнүн жылдыруу боюнча мыйзам кабыл алышкан.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын шайлоону 20-декабрда өткөрө турган токтомун жокко чыгарган.

БШК соттун чечимине каршы даттана турганы маалым болду.

Эске салсак, калаада дагы бир митинг өтүүдө. Анда мэриянын алдына эл чогулуп, шаар башчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.