Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Баткен облусунун Үч-Дөбө жерлигинде кырдаалды турукташтыруу чараларын көрүү боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Алимбаев чек арага канатташ аймактын калкын коргоого жана мамлекеттик чек аранын бардык башка тилкелеринде мындай чыр-чатактардын болуусуна жол бербөөгө багытталган таасирдүү чараларды көрүү керектигин белгиледи.

«Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 14:50дө тажик тарап кечээ такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесинде Тажикстандын жарандары орното баштаган суу түтүктөрүн демонтаж кыла баштады. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинин Үч-Дөбө жергесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.