Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Кочкор районуна болгон иш сапары учурунда билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымында, ал декабрь айынын башында ыйгарым укуктарын тапшырып кетет.

«10-январда шайлоо өтөт. Мен ага катышам. Шайласа сиздер айткандай ажо болом. Шайлабаса, араңыздар катардагы адам болуп жүрө берем», — дейт ал.

БШК президенттик шайлоону 10-январга белгиледи.