Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлердин элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти жана Баткен жоокерлеринин эстелигине гүл коюшту.

Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов окуяга катышкан жана бүгүнкү күнгө чейин Ата Мекенге кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Алар Аскер госпиталынын полковниги Болотбек Асанов, полковник Алмазбек Карымбаев, сержант Талантбек Абдырахманов, сержант Нурбек Аккулаков, катардагы жоокер Азаматбек Шашканов, катардагы жоокер Алмазбек Кусманбетов.

Белгилей кетсек, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда Баткен окуясынын 259 катышуучусу турат. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен ай сайын 1000 сомдон, квартал сайын жергиликтүү бюджеттен 3000 сомдон жөлөк пул төлөнүп турат.