Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, мурунку мамлекет башчы буга чейин өлүм жазасына кесилген соттолгондор жаткан жер төлөдө кармалып жатат.

«Бул камерага жылуулук бүгүн гана кошулду. Бөлмөдө канализация тутуму иштебейт, эшиктер тынымсыз ачык. Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады », — деди Замир Жоошев.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал УКМКнын СИЗОсунда кармалып турган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда ал бошотулган. 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингге чыгып, эртеси дагы кармалган.