Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткара турган болду. Бул тууралуу Нариман Түлеев өзүнүн Facebook`социалдык баракчасында жазган.

Анын билдирүүсүнө караганда, ал отставкага кетип, ыйгарым укуктарын мэрдин милдетин аткаруучу Түлөбаевге өткөрүп берет.

«Достор, жаңы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен сүйлөштүм, азыр бул Бишкек шаарынын мэрлиги үчүн эң жакшы вариант. Ал өзүн кандай көрсөтөт — сиздер чечесиздер», — деп жазат Түлеев.

Эске сала кетсек, күн мурун Балбак Түлөбаев башка жумушка которулгандыгына байланыштуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеткен.