Өлкөдө соңку бир сутканын ичинде 568 адамдан коронавирус аныкталып, 380 бейтап айыгып чыкты.  Ошол эле учурда илдеттен эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Оору жуктуруп алгандар борбор калаада жана Жалал-Абад, Баткен облустарында көбүрөөк катталууда.

  • Бишкек – 159;
  • Баткен облусу – 129;
  • Жалал-Абад облусу – 120;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Ош – 29;
  • Ош облусу – 17;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 4.

Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктуруп алган кыргызстандыктардын саны 56 738ге жетти.

Ал эми  акыркы суткада вирустан каза болгон экөө тең Бишкек шаарында катталды.

Жалпысынан COVID-19 Кыргызстанда 1 136 адамдын өмүрүн алды.