Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Социалдык фонд менен Мамлекеттик салык кызматынын жогорку кызматтагы адамдары аралашкан коррупциялык иш-аракеттерди аныктады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кызмат адамдары түзгөн коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтирилгени маалымдалат.

«Коррупцияга шектелгендер кызмат абалынан пайдалануу менен, материалдык пайда табуу максатында мыйзамсыз жана туруктуу байланыш түзүшкөн. Салык кызматынын жана Социалдык фонддун өкүлдөрү мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч жараткан кен казуучу компаниялардын бирине артыкчылык шартын түзүп берген. Натыйжада ал компаниядан мамлекеттин бюджетине кошумча салык жана камсыздоо төлөмдөрү түшпөй калган» , — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатканы маалымдалат.