Ар жолку Москвага барган иш сапарымда бул эжеге жолукпайын келбейм. 2003-жылы бирге учкан профессор орус абышкадан чогуу иштеген Айганыш аттуу илимдин кандидаты, кыргыз кызы бар экендигин уккан элем. Кийинчерээк эженин телефон номерин таап, метронун борбордук бөлүгүнөн жолугуп, сырттан чогуу даамданып, узакка сүйлөшүп отурдук эле. Ошондон бери эже менен байланышымды үзбөй келем.

Мекенге берилген эмгеги улуу адамдардын, өмүрүнүн өңү өчпөскө окшойт. Жыл өткөн сайын кийинки муундар өздөрүнө сабак, өрнөк болуш үчүн алардын өмүр жолун, адамдык касиетинбарактап келет, барактоого тийиш…Анткени “кечээгилер даңкталмайын бүгүнкүлөр баркталбайт” деген макал жашайт биз менен.

Кыргыз эли Исхак Раззаковдой уулу менен сыймыктанып келет. Ушундай улуу адамдын келини болуу насип этип, бул үй-бүлөнүн тагдырына тагдыр шыбагасы кошулуп, алыскы Москва шаарында 40 жылдан бери кыргыздын бир сыймыктанаар кызы жашайт. Биздин каарманыбыз белгилүү коомдук ишмер И.Раззаковдун келини Айганыш Давлеткелдиева болмокчу.

И.Раззаков жана үй-бүлө

Улуу адамдардын коомдогу жасаган иштерин гана билип, турмушта кандай адам, үй-бүлөдө кандай ата экендиги белгисиз бойдон калат. Ушул максатта сураган суроолорубузга үй-бүлө мүчөсу катары келини А.Давлеткелдиеванын айтуусуна караганда И.Раззаков күнумдүк турумшта жөнөкөй, токтоо, өзүнүн жакын адамдарына: кызына, уулуна, жубайына жана башкаларга камкор адам болгон. Жөнөкөй эле мисал, кызы Элмиранын бөлмөсүндө ал болобу-болбойбу мөмө-жемиштердин турушуна чейин көңүл буруп, ал үйдө болгон учурларда аарчып алып кирип берген. Уулу менен чын дили менен маектешкен. Жубайына да өзгөчө көңүл бурчу. Ал дарыланууга жаткан учурда, анын роза гүлүн жактыраарын билип, гүл алып барып тураган. Дагы бир мисал, өзүнүн оорусуна карабай, И.Раззаковдун жүрөк-өпкө астмасы боло турган, катуу аязда бир нече жолу жардам берүү үчүн небереси Гүлнараны карашканы уулунукуна да барчу.Ал эми небереси чоңоюп, Кыргызстанда таенесиникинде жүрүп калган учурда ага арнап атайын майрамдарда куттуктоо баракчаларын жөнөтүп турган. Ушул жөнөкөй көрүнгөн нерселерден деле адамдын бийик адамгерчилигин, үй-бүлөдө камкор ата экендигин байкоого болот.

Келин болуп калуу насиби

И.Раззаковдун кызы Элмира менен Айганыш Давлеткелдиева 1-класстан 10-класска чейин чогуу окуп, курбу кыздардан болушкан. Элмира менен бирге алардын үйүндө майрамдарды чогуу тосушчу. Үй-бүлөдө Элмира мүнөзү жагынан атасына окшош болгон. 1957-жылы Ысык-Көлдө бир ай бою И.Раззаковдордун үй-бүлөсү менен чогуу эс алышкан. Ошол мектеп жылдарында эле алардын апасы “Болочоктогу келиним” деп атачу экен. Бала чагынан бери билишкен үчүн 1970-жылы Раззаков жана уулу эженин колун сурап келишкен.

Анын бул үй-бүлөгө келин болушун, тууган-урук, дос-жардын айтуусуна караганда, бирөөлөр кубаныч менен болсо, бирөөлөр таң калуу же көрө албастык менен кабыл алышканын эскерет каарманыбыз.

Өмүрлүк жолдош

Жолдошу Эркин Москвадагы авиациялык институтту аяктап, машина куруу боюнча Борбордук илим-изилдөө институтунда (ЦНИИ МАШ)  иштеп, космикалык техникалардын маселелери менен алектенген. Жарга кароо, кызына мээримдүү ата болгон. Эже турмуш тууралуу: “Анын жумушуна чейинки аралык эки саат болгондуктан, түштөнүүсү да ушул болсун деп таң эртеден туруп, суюк тамак асчумун. Үйдө улуттук даамдар дайыма даярдалгандыктан, Эрик жасаган мантыларга чейин мактап жечү. Биздин гүлнара аттуу бир кызыбыз болгон. Врачтардын күнөөсүнүн негизинде кызыбызды жоготуп алганбыз. Кызымдын өткөнү мага кандай гана оор таасир калтырган, көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. Алаксып газета тиктеп олтуруп, көз жашымдан колумдагы газета кандай суу болгонун байкабай калчумун. Бир топ убакыттан соң жолдошумдан да ажырадым. Турмуштун оор сыноолорунун бардыгын, кайгы-санааны да жалгыздык менен жеңдим, жалгыздык дарылады. Менин турмушумдан трагедиялык роман жазса да болот”, — деп эскерет.

Үй-бүлөдөгү карым-катыш

Башка ата-энелер сыяктуу эле балдарынын үйүнө майрамдарда, башка учурларда келип турушкан. Үйдүн тарбиясынанбы (ата-энеси абдан меймандос адамдар болгон) кадимки кыргыз даамдары менен дасторконду түрлөп жайнатканга аракет кылганын эстеп, каарманыбыз төмөнкүлөрдү эскерет. Ал киши айтаар эле: “Айганышка кантип сен баарына жетишесиң, дасторконуң дайыма жайылуу, балдарың, үйүң таптаза, Эриктин да келбети, жүрүшү жакшынакай, өзүң да тыкан, жыйнактуусуң”. Анда мен тамашалап: “Менин өзү жайылчу жайыл дасторконум бар”, — деп калчумун. Булардын үй-бүлөсүндө жумасына бир жолу өзгөн күрүчүнөн палоо демделип тураар эле. Ал киши бул даамды жактыргандыктан, мен дагы булар үйгө келгенде башка тамактар менен бирге палоону сөзсүз жасачумун. Үй-бүлө Мекенден алыс жашаса да кыргыз даамдарын сүйүшчү. Тааныш-тамырлар, менин ата-энем Кыргызстандан посылка жөнөтүп турушаар эле. Бир кышта фляга менен кымыз келип, ал кишинин: “Февралда да кымыз болот экен ээ”, — деп тамшанып ичкени эсимде.

Ата-эне

Айганыш Давлеткелдиеванын атасы – Давлеткелдиев Абдыкул Давлеткелдиевич – кыргыздардын алгачкы окумуштууларынын бири болгон. 1949-жылы ЦК КПССтин коомдук илимдер академиясын бүтүрүп, бир жарым жылдын ичинде кандидаттык диссертациясын коргогон. Аны ЦК КПССтин аппаратына иштеп калууну сунушташкан. Бирок, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ( атасы өлөөрүнүн астында көзү көр энеси жана бир туугандарын ага дайындалган эле. Энең өлсө да оз колуң менен көм деп) баш тарткан. Ушул учурларда Москвага командировка менен Боголюбов (Кыргызстан борбордук комитетинин биринчи секратары) жана Раззаковдор (Кыргыз совмининин төрагасы) келишип, атасынын өлкөгө кайтуусун Республиканы көтөрүүгө жардам берүүсүн суранышкан.

Андан сон А.Давлеткелдиев тил, адабият жана тарых илимдеринин илимий-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. “Манас” эпосун биринчилерден болуп көтөрүп чыккан. “Турмушта ак көңүл, кайрымдуу адам болгон. Элмира экөөбүз тарыхтан консультация алчубуз. Эки-үч саат токтобой сүлөп берээр эле”, — деп эскерет эже. Ал эми апасын коомчулук Рахиля Абдралиевна деп аташчу. Ал Ленинграддан Багановский атындагы балет училищасын бүтүргөн, балерина болгон. Бир топ жылдар опера-балет театрында бийлеп жүрдү, андан соң биз Москвага келгенден кийин СССР Жогорку Советинин которуу бөлүмүндө секратарь-машинистка болуп иштеген. Кайрадан Кыргызстанга кайткандан кийин төрт баласына карабай Кыргыз мамлекеттик университетинин күндүзгү бөлүмүн бүтүргөн. Көп жылдар музыкалык мектептин директору, андан соң Биринчи май раком партиясынын орготделинде иштеди. Ал эми пенсияга Социалдык камсыздоо министрлигинин пенсиялык бөлүмүнүн начальниги болуп жүрүп чыккан. Үй-бүлө абдан ынтымактуу, башкаларга үлгү болоорлук болгон. Ал эми ата-энелер мурдатан тааныш болгондуктан, майрамдарда бири-бирине куттуктоолорду жөнөтүп турушкан.

Мекенге болгон кусалык

Жаш Кыргыз Республикасын курууда бүтүндөу аң-сезимдүү өмүрүн арнап, бирок тагдырдын кара ташы тескери айланып, Ата-Журттан алыста түркөйлүк менен карөзгөйлүктүн азабын тартып, кусалыкта өмүрү аяктаган чыгаан уулубуздун Москвадагы өмүрү тууралуу келини төмөнкүлөрдү эскерет: “Москвага келгенден кийин И.Раззаковдун Мекенге болгон кусалыгы чоң болгон. Көп сүйлөчү да эмес. Ушул нерселерден, үйдө, үй-бүлөдө сыртка айтылбаган бир нерсенин ичте жаткандыгын байкачумун. Бул нерсе ар бирибиздин ичибизди гана уйгу-туйгу кылчу, жараны козгоого акыбыз жок эле. Менин атам бир нече жолу Кыргызстанга кайтууну сунуштаган: “Исхак Раззакович, ал жакта сизди тааныса аз гана адам тааныйт, келиңиз бул жакта сыйлап алаар элиңиз бар”, -деп. Бирок, кайнененин кайра кайтууга каалоосу болгон эмес”, — деп эскерет.

Москвага келгенден кийин байланыштар

Москвага иш сапары менен келген Кулатов, Дыйканбаевдер менен жолушуп турушкан. Ал Республикадагы жаңылыктар тууралуу билгиси келчү. Т.Усубалиев аялы менен келип турган. Жайкысын дайыма путевка Совминден тийип, “Лесные дали” пансионатындагы дачада эс алган. Балдары да ал дачага барып турушкан. Бир жолу үй-бүлөсү менен Крымга эс алууга барышкан.

Каармандын өзү тууралуу

А.Давлеткелдиева өзү тууралуу төмөнкүлөрдү эскерет:

— Менин балалыгым бактылуу өттү. Ата-энем Москвада болгон учурларда лагерлерде көп болдум. 31 жыл Россия билим берүү академиясында иштедим. 1995-жылдан бери Россиядагы элдер достук университетинде (Российский университет дружба народов) орус тили кафедрасында иштейм. Дайыма орус тилинин проблемалары менен алектендим. Педогогика илимдеринин кандидатымын, коптөгон аспиранттарды даярдадым . 42 жылдан бери Москвада жашайм.

Албетте, Мекенимди сагынам, анын тоолорун, түздөрүн, эң бир сонун жаратылышын сагынам. Ал жактагы жакшы адамдарды, досторумду эстеймин. Ошол жакта коюлган кызымды, ата-энемди сагынам.

Мен элим үчүн абдан тынчсызданам. Мен үчүн бардыгы кызык, алар кантип жашап жатышты экен, эмнени каалашат? Келечеги кандай болот? Бишкектеги революция, Ош окуяларын телевизордон көрүп жүрөгүм канады, бир чети уялдым. Мен Республикада стабилизация болуп, экономика өнүгүп, элдер т ынч жашап, тынч иштеп, өздөрүнүн турмушу өнүгүшү үчүн тынчтыкты түзүп алышын каалайт элем. Өлкөнүн гүлдөп, өсүшүн тилейм. Анткени, өзүм алыста жүрсөм да, жүрөгүм Кыргызстанда.

Улуулардын нускасын алган, билимдүү бир үй-бүлөдө туулуп өскөн кыргыздын бир кызы. Мени эмнеси менен ыраазы кылды? Албетте, дегендага айланган кыргыздын чыныгы уулу И.Раззаковдун келини болгон сыймыктуу жүктү татыктуу көтөрүп жүргөнү менен. Билимдүүлүгү, накта интеллигенттиги, жөнөкөйлүгү, кыргыздын меймандостугун сактаган маанайы, адамгерчиликтүү жылуу ырайы эсимде бекем сакталып калды.

Гүлзар Абдимиталипова, журналист

Булак: Медиасентр