Бүгүн, 27-октябрда, Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаевдин жаңы кызматка келишине каршы митинг болуп жатат.

Митинге чыккандар вице-мэрлик кызматтан Нариман Түлеевдин кетишин жана муниципалитеттин эски кызматкерлери түп тамыры менен өзгөрүшүн талап кылып жатышат.

Митинге чыккандардын арасында өздөрүн мэрлик кызматка сунуштап жаткан Асхат Осмонов менен Төрөкан Жунусбеков да жүрүшөт.

“Балбак Зарлыкович биз сиздин мэрияга келишиңизге каршыбыз. Сиз буга чейин да мэрияда иштегенсиз. Эч бир кыйратып жумуш кылган жоксуздар. Сиздер Нариман Түлеев, Азиз Суракматов жана сиз бир канча жылдан бери мамлекеттик кызматта келе жатасыздар. Орун алмашканы менен эч нерсе өзгөргөн жок”, — деди Асхат Осмонов.

Митингчилер Балбак Түлөбаевди “эл колдобосо мэрлик кызматка барбайм” деген сөзүнө турууга чакырып, кызматтан баш тартууга үндөштү.