Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө жалпысынан 549 миллион сом талап кылынарын эсептеп чыкты.

2020-жылга бөлүнгөн акчанын 212 миллион сому үнөмдөлдү, анын 11,5 миллиону өздөштүрүлбөй калган каражат катары кайра мамлекеттик бюджетке кайтарылып берилет. Ошентип, президенттик шайлоого керектүү 549 миллион сомду топтоо үчүн бюджеттен дагы 347 миллион сом талап кылынууда.

Боршайком өкмөттүк аппаратка жана Каржы министрлигине кат жөнөтүп, республикалык бюджеттен 347 миллион сом бөлүп берүүнү өтүндү.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылардын митинги башаламандыкка айланып, өлкөдө бийлик алмашкан. 2017-жылы алты жылга президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков кызматын 15-октябрда мөөнөтүнөн мурда тапшырып берген. Боршайком президенттик шайлоону 10-январга белгиледи. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров ага талапкер катары катышарын жарыялады.