Борбор калаада Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жасалма номер тагылган «Ленд Крузер» үлгүсүндөгү автоунааны кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан  кабарлашты.

Милиция кызматкерлери бүгүн, 27-октябрда болжол менен саат 11:50дө Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номери шек жараткандыктан, автоунааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда А.В. аттуу айдоочу жасалма номер менен унаасын айдап жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, айдоочусу Свердлов райондук милициясынын ыкчам тобуна өткөрүлүп берилген.