Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ден №47 абакка которулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди ЖАМКтын атайын комиссиясы кабыл алды. Ал комиссиянын курамына Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү кирет.