Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленип келген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү бул жылы эс алуу күндөрүнө туура келет. Ошондуктан майрамдык эс алуу күндөрү 9-10-ноябрга, тактап айтканда дүйшөмбү жана шейшембиге жылдырылат. Муну менен кыргызстандыктар 7-8-9-10-ноябрь күндөрү эс алат