Новосибирск облусунда 14 жаштагы мектеп окуучусу  төрөп, чоңдордон жашырып аны муздаткычка салып койгон. Бул тууралуу «Комсомольская правда» укук коргоо органдарындагы булакка шилтеме берүү менен жазды.

Окуя Новосибирскинин жанындагы айылдардын биринде болгон. Жаңы төрөлгөн ымыркай тоңдургучта тоңуп чарчап калган. Окуя тууралуу өлтүрүлгөн ымыркайдын энеси өзү айтып берди. Басылма сөөктү ким тапканы жана төрөт кантип өткөндүгүн так айткан жок.

Новосибирск облусундагы балдардын укуктары боюнча акыйкатчысы Надежда Болтенконун айтымында, кыз буга чейин эле түнкүсүн көп басып, начар жүрүм-туруму менен каттоодо турган.