1-ноябрь-Кыргыз милициясынын күнүнө карата 

Өсүш үчүн не керек?

Туура жолду ким билет?

Ушуга көңүл бөлөлү, акылдаша жүрөлү.

Туура жолду бир билсе, аксакалдар билишээр.

 Ортого салып акылын, кеңешин айтып беришээр.

Бүгүн сиздерге ИИМдин ардагери, Кыргыз милициясынын көйгөйлөрүн жакындан билген милициянын ардагер полковниги, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев менен болгон маегибизге көнүлүңүздөрдү бурабыз.

-Султанбек Жоошбаевич, бүгүн биздин эл Кудайдын кудурети, жаштардын аракети менен дагы бир ирет төнкөрүш жасап, бүткүл дүйнөгө багынбаган, эркиндикти сүйгөн эл жашаган өлкө делип таанылып турабыз. Ушундай абалда биз ИИМдин кызматкерлери эмне кылышыбыз керек деген маселе турат?

-Кырыгыз элинин каада-салты менен, кылымдардан бери келе жаткан үрп-адаты менен эсептешпей коюуга болбойт. Бирок мен Сиздин биздин мамлекет жаңыдан бутуна туруп жаткан жаш баладай дегениңизге кошула албайм. Фактыларга кайрылсак мындай: ИИМдин түзүлгөнүнө 96 жыл болуп атса, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин түзүлгөнүнө 60 жыл болуп атса Сиз кайсы жаш баладай абалды   көрүп атканынызды билбейм. Кыргыз малекетти эгемендикке жетишкенин анын жаштыгы катары эмес, жаңылануусу катары караган туура болот деп ойлойм. Чынында эле Кыргыз малекетинин пайда болуусу жөнүндө маалыматтарга таянсак  биздин заманга чейинки 4-5 — кылымдарга чейин кеткен тарыхыбыз бар экен. Анан дагы жашты жаш дешет, багелеги каткыча тебелешет дегениңизге да кошула албайм. Жаштарга насаатчы болгон,аларды жанылыштыктардан сактап колтуктап жүрргөн аталар бар. Аларда  96 жылдык тажрыйба бар. Ошол тажрыйбаны муундан муунга жеткизип, жаштарга жол көргөзөн ИИМдин Ардагерлер кеңеши десем болот. Кыскартып сиздин сурооңузга мындайча жооп берейин: кары дебей жаш дебей мыйзамды сыйлап, мыйзам менен жашаганга жетишибиз керек.

Чынында эле биз өз көзүбүз менен көрүп жүргөн нерсе бул ИИМдин Ардагерлер кеңешинин иши. Себеби кандай кана иш чара болбосун ИИМдин ардагерлер кеңеши ачык маанайда, баарына жеткиликтүү кылып өткөрөт.

Жалпыга маалымдоо каражатары менен тыгыз байланышта.  Сиз Ардагерлер кеңешинин 60 жылдык мааракеси жөнүндө кыйытып айта кеттиңиз. Ушул маселеге  толугураак токтоло кетсеңиз?

-Быйыл, тагыраак айтсам, үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында ИИМдин Ардегерлер кенешинин түзүлгөнүнө 60 жыл болду. Тээ илгери-илгери  1960-жылы 24-октябрда ИИМдин Ардагерлер кеңеши түзүлүп, ошондон бери ийгиликтүү иштеп келет. Азыр ардагерлер кеншинин катарында 17 миңден ашык ардагер бар. Менимче бул сан эч качан кыскарбай турган, арчадай узак өмүрү бар сан. Себеби бир ардагер кетсе, ордуна эки ардагер келип толукталып турабыз. Ал эми ардагерлер Кеңешинин күнүн белгилөө салты 2018-жылдан бери ИИМдин ошол кездеги  министри Джунушалиевдин буйругу менен белгиленип келет.  Өлкөбүздөгү айрым бир ардагерлер кеңештеринин өмүрү кыска экенин билебиз, анткени аларды катары толукталбай, жылдан жылга азайып олтуруп жыйынтыгында, аттары тарыхта, өздөрү мүрзөлөрдө кала берет. Айтсак: Таба эмес тобо, Афгандык, Баткендик согуштардын ардагерлер кеңештери.

-Сиз айткандай 60 жылдан бери иштеп, эки жылдан бери өздөрүнүн күнүн белгилеп келе жаткан ИИМдин Ардагерлер кеңештеринин иштери жөнүндө кеп кылсак.

-Эми мындай иним. Биздин ар бир ишибиз 17 миң ардагердин сыноосунда турат. Алар биз эмне кылып атканыбызды, эмнелерди кылбай атканыбызды көрүп турат. Жасалган иштердин баарын айтып отурсак “Бетме-беттин” бети жетпей калат. Ошондуктан кыскача айта кетейин.  Жакынкы иштерибиздин (3 жылдан бери) бири: жыл сайын 24-октябрда “Бешик бооңуз бек болсун!”-деп ушул күнү төрөлгөн наристелерге белек бечек, энелерине гүл көтөрүп барып жүрөбүз. Максат эл менен болгон байланышты чыңдоо. Ар жыл сайын милициянын ардагерлер күнүндө ардагерлерибизди кыдырып, ал жайы менен таанышып, белек бечек, жөлөк пул берип келебиз. Майрамда томсоруп калышыпасын деп милиция күнүндө атайын уюшулган топ ИИМдин госпиталында жаткан ардагерлерге жолугуп, жылуу сөздөрүн айтып, жөлөк пулун берип келишет. Анан да ардагерлердин жубайларын кубанттуу максатында. “Ардагердин жубайы деген” төш белги берилип, милициянын зайыптары сыймыктанган жакшы салтка айланды.

-Сиз ИИМдин кадыр-барктуу аксакалы катары, өздүк курамга эмне  калоо айтаар элеңиз?

-Милиция кызматы элдин коопсуздугун, мамлекеттин тынчтыгын коргой турган абдан жоопту кызмат болгондуктан, биздин ар бир кадамыбыз элдин сынында болот. Ошондуктан кесиптештериме келе жаткан майрамдары менен чын дилимден куттуктап аларга жогорку жоопкерчиликти, булактай тазалыкты, жеткелең маданиятты, анан кайыштай чыдамкайлыкты, алмаздай бекем ден соолукту каалайм.

-Маегиңизге ырахмат, өзүңүзгө да үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр каалайбыз. Дагы бир ирет майрамыңыздар кут болсун!

ИИМдин Басма сөз кызматы