Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 20 000 АКШ долларын   уурдоого шектелген жаранды кармашканын, Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматынан  кабарлашты.

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Прогресс айылынын жашоочусу кайрылып, үйдөн 20 000 АКШ доллар акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинде  (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча катталган.

 Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери бир катар ыкчам жана тергөө амалдарын жүргүзүшүп, жабырлануунун   жанында жүргөн адамдар суралган.

 Мындан аркы иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жабырлануучунун кол алдында мал багуучу болуп  иштеген жаран акча каражаты жоголгондон кийин жашырынып качып кеткендиги такталган. Чүй районунун милициясы анын өздүгүн тактап, ал тоноо үчүн бир нече жолу  мурда соттолгон 1984-жылы туулган К.Е. экендиги белгилүү болгон.

Ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында  ыкчам кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен К.Е. кармалып, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.