2020-жылдын 28-октябрь  күнү Кыргыз Республикасынын ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 3-чейрек ичиндеги  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму онлайн режиминде өттү.

Коллегияга   Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков,   ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана  айрым бир райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйында   республиканын ички иштер органдарынын  2020-жылдын 9 айында аткарган  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү, жол коопсуздугунун камсыздоо иш-чаралары, анын ичинде “Бузуулардын бирдиктүү реестрине”  бузуулардын катталышы, айыптардын төлөнүшү, “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын ишке ашырылышы жөнүндө  негизги маселелер каралды.

ИИМдин коллегиясынын отурумунда республиканын ички иштер органдарынын  2020-жылдын 9 айында аткарган  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жыйынтыкталып, ички иштер министри Улан Ниязбеков сөз сүйлөдү.

“2020-жылдын 9 ай ичинде ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү ишке ашыруу саясий мүнөздөгү, коронавирус илдетинин жайылышы, өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал режимдеринин киргизилиши сыяктуу өлкө үчүн оор жана татаал  мезгилдерге туш болду. Буга карабастан, мыйзамдын алкагында кылмыштуулукту алдын алуу, катталган кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү өз убагында ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштешти. Биздин негизги максатыбыз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу, саясаттын тышкары туруу болуп саналат. Ички иштер органдарынын потенциалын чыӊдоо,  жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган тапшырмаларды койомун”,-ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

 2020-жылдын 9 ай ичинде бардык укук коргоо органдары 103633 кылмыштар менен жоруктарды катталган. Алардын ичинен ички иштер органдары 98769 кылмыш менен жорукту каттоого алган.

                Республика боюнча укук коргоо органдары 56746 кылмышты каттаса, ал эми ички иштер органдары 52434 кылмышты каттап, 92,4% түзөт. Республика боюнча жалпы укук коргоо органдары 46887 жорук катталган, алардын ичинен ички иштер органдары 46335 жорукту каттап, 98,8% түзөт. Ушул жылдын отчеттук маалында ИИОнун өндүрүшүндө 40137 кылмыштар менен жоруктар катталып, алардын ичинен 22785 бети ачылып, 56,8% түзөт. Бети ачылган кылмыштардын ичинен сотко 15726 кылмыш иши жөнөтүлгөн.

Андан сырткары, отчеттук маалда баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан  643 кылмыш катталган. Жалппысынан 1 тонна 277 килограмм 524 грамм баңгизаттар, психотроптук каражаттар менен перекурсорлор алынган. Алардын ичинен 4 килограмм 852 грамм героин, 116 килограмм 102 грамм гашиш, 146 килограмм марихуана, 320 килограмм 802 грамм перекурсорлор, жана башкалар 689 килограмм 768 грамм.

ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун кызматкерлери дактилоскопиялык, трасалогиялык, кол жазманы таануу, баллистикалык экспертизаларды жана баңгизат, спирт камтыган каражаттарды химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Адистер кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошушууда. Ушул жылдын 9 ай ичинде 15992 окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүгө, 4294 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 1958 тергөө амалдарына катышкан.

Жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде  жол кырсыктары кыскарды. Жалпысынан   тогуз айда 4184 жол кырсыгы катталып, андан 496 адам каза болуп, 6271 жаран ар кандай дене жаракаттарын алышкан. Отчеттук маалда балдардын катышуусу менен 915 жол-транспорттук кырсык катталып, 59 бала каза болсо, 1063 бала ар кандай жаракаттарды алышкан. Бирок ошого карабастан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталган иш-чараларды күчөтүү керектиги белгиленди.

ИИМдин коллегиясынын аягында  ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары аталып, бир катар тапшырмалар коюлду: жарандардын жана коомдун коопсуздукту камсыздоо, криминалдык коркутууларга каршы катуу күрөшүү, ички иштер органдарынын кызматтык тартибин бекемдөө, укук бузууларды алдын алуу боюнча мамлекеттик тутумду жакшыртуу, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминогендик абалды жакшыртуу, өздүк курамдын кесиптик деңгээлдин өнүктүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштердү күчөтүү, коомдук жайларда алдын алуу иштерин жүргүзүү, резонанс жараткан кылмыш иштеринин бетин ачуу.

Коллегиянын жүрүшүндө ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча катуу сын-пикирлер айтылып, ал кылмыштардын бардыгын ачуу боюнча да кошумча тапшырмалар берилди.  Борбордук аппараттын жана жер-жерлердеги кызмат башчыларынын жетекчилик уюштуруучулук-иштеринин өз деңгээлинде уюштурулбагандыгы, белгиленген иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын белгиледи. Коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу багытында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында да милицияга жүктөлгөн милдеттер боюнча мамлекеттин жана элдин алдында ички иштер органдарынын тиешелүү бардык жетекчилери жооптуу экендигин да айтылды.

Андан сырткары, Криминалдык милиция кызматынын, Тергөө кызматынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы  аракеттенүү боюнча  кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык ишмердүүлүктөрү күчөтүлсүн, өлкөдө болуп жаткан ар кандай кыйынчылыктарга карабастан мыйзам чегинде ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттер толук кандуу аткарылсын, анын ичинде коомдук тартип менен коопсуздук камсыздалсын, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлсүн, кылмыштардын жана жоруктардын бети ачылсын, кызматкерлер арасында мыйзамдуулук жана кызматтык тартип бекемделсин,  ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базалары жаңыртуу жана мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлордун иштөө сапатын жогорулатуу, ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо менен алдын алуу тапшырмалары берилди.

Ошондой эле өздүк курамдын арасында күжүрмөн кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынып, коомдук тартипти камсыз кылууда негизги стратегиялык багыттар белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы