Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин вице-премьер-министр кызматына жактырды. Ал Аида Исмаилованын ордуна келди. 

Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги премьер-министр Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. Буга чейин ал депутаттык мандатын тапшырганы маалымдалган.