Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 538 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Жаңы учурлар: 

— Бишкек шаарында — 139

— Ош шаарында — 23

— Чүй облусунда – 40

— Ош облусунда — 52

— Талас облусунда — 25

— Нарын облусунда — 17

— Ысык-Көл облусунда – 31

— Жалал-Абад облусунда – 86

— Баткен облусунда — 125

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 57276 адам коронавируска кабылган. 

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1 адам каза болгон. 

Учурда стационарлард 3479 бейтап, ал эми 3488 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1138 адам каза болду. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Жаңы учурлар: 

— Бишкек шаарында – 1

— Ош облусунда – 3

— Баткен облусунда – 1

Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3602 учур катталды, алардын ичинен 3302 медкызматкер сакайды.