Коронавирус оорусу менен күрөшүү аракетинин алкагында жана COVID-19 илдетине чалдыккан оорулуулар үчүн орундардын санын көбөйтүү максатында Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында эксперименттик тез курулуучу ооруканалардын курулушу башталган.

Бүгүн 28-октябрда Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагынад жайгашкан 100 орунга эсептелген оорукананын жаңы корпусунун ачылышы болуп өттү.

Объектти каржылоо Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 77,5 млн сом акча каражаты каржыланды.

Белгилей кетсек, бул типтеги ооруканаларды куруу ыкмасы — уникалдуу долбоор жана Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу колдонулуп жатат. Бул объекттин курулушунда пайдаланган курулуш ыкмалары жана технологиялары бышык жана сапаттуу болгондуктан, оорукана кеминде 50 жылдан кем эмес убакыт элге кызмат кылат.