Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов иш сапары менен Лейлек районуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

 Алгач 6-октябрда, Бишкек шаарында, Ала-Тоо аянтындагы элдик толкундоодо каза болгон Үмүтбектин ата-энесинен кабар алып, анын элесине багыштап куран окуп,резервдик фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Өкүлдүн иш сапары Жаңы-Жер айыл аймагындагы Катта-Туз нефти жана газ чыгуучу аймакта уланды. Ыйгарым укуктуу өкүл,элдин жашоо шартын жакшыртууда, сакталып жаткан кен байлыктарды иштетүү зарыл экенинин белгилеп, Катта-Туз участкасынан Борбордук, Достук, Арка 2 жана Жаштык айылдарына газ жеткирүү боюнча иш алып барууну жергиликтүү жетекчилерге тапшырды.

Ал эми Эркин экономикалык аймактагы иш сапарында, өкүл нефтини кайра иштетүүчү,бут кийим чыгаруучу,электр мештерин чыгаруучу ишканалардын ишмердүүлүгүн көрүп чыкты.

Ишкерлер толук кандуу иш жүргүзүүгө пандемия жана электр энергиясынын кубаттуулугунун аздыгы маселе жаратып жатканын айтышты. Өкүл Жаныбек Жалалов жергиликтүү бийликти ишкерлерге колдоо көрсөтүү менен, биргеликте иштеп, орун алган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле эркин экономикалык аймактын ишин жандантуу, ишканалардын санын көбөйтүү, инвесторлорду тартуу боюнча конкретттүү аракеттерди жүзөгө ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Ыйгарым укуктуу өкүл иш сапарында, Лейлек районунун, чек арада жайгашкан Кулунду айыл аймагында болуп,аймактагы ири ирригациялык долбоор болуп саналган Максат дюкер 2 долбоору менен таанышты. 2020-2023жылдарга пландалган бул долбоор ишке ашса,аймакта 1800гектар жер өздөштүрүлөт.

Өкүл, жергиликтүү эл менен да жолукту. Жергиликтүүлөр таза суу жана чек араны делимитациялоо жумуштарын тездетүүнү суранышты. Жаныбек Жалалов өз сөзүндө “Лейлек районунун көйгөйлөрүн чечүү жана аймактын өнүгүү потенциалын жогорулатуу үчүн, районду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун үстүндө иш алып баруу, мамлекеттик жана инвестициялык колдоолорду тартуу маанилүү, өзгөчө ирригация жаатында”деп белгиледи.