Чок-Тал айылында кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы кечээ Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болгон. 31 жаштагы аял BMW X5 автоунаасын айдап бара жаткан. Ал рулду башкара албай жолдун четине чыгып, бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана анын 11 жаштагы кызы алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Ооруканага дагы 5 жана 7 жаштагы эки бала түшкөн.