Уурдалган “Tesla ” унаасын аралыктан башкарып каракчылардан куткарган кыз

Австралияда Аннабелл аттуу кыздын “Tesla ” унаасы уурдалган.  Бул тууралуу анын телефонуна  кимдир бирөө  унаасын талкалап кирүүгө аракет кылып жатат деген эскертүү келет.  Ал автоунааны пульттун жардамы менен башкарып, каракчыларды тамашага салган.

Ал полиция кызматкерлерин чакырып, өзү кылмышкерлердин артынан кууп жөнөгөн – көзөмөлдөө колдонмосу ээсине унаанын геолокациясын көрсөтөт. Жолдо баратып, ал каракчыларга ар кандай жол менен тоскоолдук жаратып – алыстан терезелерди түшүрүп, ылдамдыгын төмөндөткөн.

Аннабелл мунун баарын видеого тартып алган. Кыздын аралыктан башкаруусунан улам жаралган тоскоолдуктан, кылмышкерлер унаадан түшүп башка унаага отурушат. Бирок алар жүргөн унаанын номери кадрга илинип калган. Мындан тышкары, Tesla компаниясынын борттогу камералары унааны уурдагандардын  жүзүн видеого түшүргөн. Бактыга жараша алардын бири айдоочулук күбөлүгүн унаада калтырып кеткен. Аннабелл бардык маалыматтарды полицияга өткөрүп берген.