Коом

Жаныбек Жалалов: Баткен эли Сүлүктү шаарынын көмүр кен ишканаларына ишеним артат

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Сүлүктү шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Өкүл шаарды таза суу менен камсыз кылуу максатында ишка ашып жаткан таза суу долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Учурда Дүйнөлүк Банк тарабынан 220млн сомдук долбоордун биринчи этабы аяктап, экинчи этабы башталганы турат.

Ошондой эле республикалык бюджеттин жана түрткү берүүчү гранттын эсебинен асфальт болгон шаардагы ички 4 көчөнүн курулушун көрүп чыкты. Быйылкы жылы шаарда, жалпы 13млн 600миң сомго, 2км 540 м жолго асфальт басылган.

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл капиталдык оңдоп түзөө жумуштары жүрүп жаткан үй бүлөлөк дарыгерлер борборунан кабар алып, пандемия шартында иштеп жаткан дарыгерлер менен, саламаттыкты сактоо тармагындагы түзүлгөн шарттар боюнча баарлашты.

Аны менен катар шаардагы оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан “Баластан” балдар бакчасынан жана айыл чарба продукциясын өндүрүү жаатында иш алып барган “Нур” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн да көрүп чыкты.

Ыйгарым укуктуу өкүл иш сапарынын алкагында шаар жетекчилиги жана Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери менен жолугуп, шаарды өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иш аракеттер талкууланды.

Өкүл өз сөзүндө, облус эли, көмүр отун менен камсыз болууда, Сүлүктү шаарынын көмүр кендерине ишеним артаарын белгилеп, жергиликтүү бийлик калктын көмүргө болгон муктаждыгына зор жоопкерчилик менен мамиле жасап, көмүр баасын туруктуу сактоо керектигин айтты.

Белгилей кетсек Сүлүктү шаарынын көмүр кендери 9 айдын жыйынтыгы менен, 184миң тонна көмүр өндүрүп, планды 102%га аткарышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button