Кембридж университетинин изилдөөчүлөрү бет каптар тигилүүчү материалдарды   сынап көрүштү. COVID-19 оорусун шарттаган SARS-CoV-2 сыяктуу вирустарды кармоодо эффективдүү экендигин аныктоо үчүн джынсыдан тартып вакуумдук баштыктарга чейинки бардык материалдар каралды.

 Алар кездемелердин эффективдүүлүгүн 0,02 ден 0,1 микрометрге чейинки бөлүкчөлөрдү фильтрлөө менен салыштырып көрүштү.

Натыйжада, көпчүлүк жөнөкөй кездемелерден колго тигилген маскалар медициналык маскалардай эле натыйжалуу. Бирок коргоочу медициналык маскалар менен дем алуу кыйла жеңилирээк экени аныкталган.

«Бул туура балансты табуу маселеси, биз материалдар эффективдүү коргоосун каалайбыз, бирок ошондой эле алар колдонуучуларга жипчелерди же кылдарды жутуп алуу коркунучун туудурбасын билишибиз керек, бул зыяндуу болушу мүмкүн»,- деди Кембридж университетинин инженердик изилдөөчүсү Евгения О ‘ Келли.