Бишкек ТЭЦинин аймагында авария болгону айтылууда. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор социалдык тармактарга жазышты.

Алардын айтымында, ЖЭБде буу же түтүн көп. «Ал жерде бир нерсе болуп жатабы? Мындайды эч качан көргөн эмеспиз », — деп жазат окурмандар.

Белгилей кетсек, бир саатка чукул убакыттан бери борбор калаада электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

«Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын тактап жатат.

«Түндүк электр» ААК шаардагы электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди. Бишкек подстанциясы электр энергиясын борбордогу ЖЭБден алат деп такталды.