Кыргыз Республикасынын ИИМнин Интерпол Улуттук борбордук бюросу кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында өз ишин улантууда, Интерпол кылмыш полициясынын эл аралык уюму аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тутумдуу иш алып барууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айынын аягында Кыргызстандын аймагында Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган жана убактылуу кармоочу жайларда жазасын өтөп жаткан эки чет элдик жаран бар. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде компетенттүү органдар тарабынан терроризм боюнча  өз мекенинде издөөгө алынган Өзбекистандын жараны жана ири өлчөмдө алдамчылык үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн Түштүк Кореянын жараны жазаларын өтөп жатат. Кореялык жаран алдамчылык жолу менен чет өлкөлүк  инвесторлорго материалдык зыян келтирүү жана  ири суммадагы акчаны ээлеп алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен     кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекеттик кызыкчылыктарга да зыян келтирген. Аны Биринчимай райондук соту  алдамчылык боюнча   5 жылга эркинен ажыраткан.

Жазасын өтөп бүткөндөн кийин, жогорудагы адамдар эл аралык келишимдерге ылайык мекенине өткөрүлүп берилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы