Бул тууралуу ал өзүнүн  социалдык баракчасына жазды. Анын айтымында,  тышкы саясат — бул аяр, сезимтал, ар тараптуу маселе. Ошондуктан, натыйжага жетишүү үчүн диалогду ырааттуу, салмактуу, прагматикалык, ызы-чуусуз жана пиарсыз жүргүзүү керек.

“Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды мамлекеттин кызыкчылыгы менен аралаштырбоо маанилүү экендигин баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Тилекке каршы, айрымдар муну түшүнө алышкан жок, ошондуктан «ишенимди жоготушту». Москвада эч ким менен жолуккан жокмун деген бир кабарчынын куру жалган сөздөрүнө таң калам деп айтсам өтө жумшак айтканым. Сиздин ары жок напсиңиз, көрө албастыгыңыз сизди дагы бир жолу чындыктан алыстап калганыңызды көргөзүп турат.

Москвага болгон сапарым тууралуу сөз кылсак, мен ушул жылдын 27-28-октябрында иш сапарым менен барып келдим. Сапар дипломатиялык каналдар аркылуу натыйжалуу иштелип чыккан. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги жана Финансы министрлиги менен кызматташуунун конкреттүү маселелери талкууланды. Тышкы саясат — бул аяр, сезимтал, ар тараптуу маселе. Ошондуктан, натыйжага жетишүү үчүн диалогду ырааттуу, салмактуу, прагматикалык, ызы-чуусуз жана пиарсыз жүргүзүү керек.

Азыр пикир келишпестиктин мезгили эмес, тескерисинче баардыгыбыз үчүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууга жана Мекенди өнүктүрүүгө байланыштуу бир максат үчүн биригүү маанилүү.

p.s. Эгер сизди эч ким сындабаса, анда сиз иштебей жатканыңыз анык”,- дейт Айдарбеков.

Эске салсак, 22- октябрда, Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.