Садыр мырза, коюңуз эми элди алдабаңыз. Коррупция менен катуу күрөшөм дегенсиз. Бүгүн болсо конституцияны алмаштырбасак, коррупция менен күрөшө албай жатам деп башканы балп эттиңиз. Демек, 8-12 ай коррупция деген тема менен башымды оорутпай тургула, конституцияны мен каалагандай өзгөртүп бергиле дедиңиз.

Сиздин мыйзамы жок амнистияңыз жөн эле популизм турбайбы. Эми, сиз супер-президенттик системада президент болуп иштеп жатасыз. Өзүңүз премьер жана президент болсоңуз, жакын досуңуз УКМК-АКСтин башчысы, бийликти бүт өзүңүздүн кадларыңыз басты, парламент алдыңызда жатса, каалаган сөзүңүздү лаббайк деп жасап берип атса, жакында досуңуз Талант Мамытовду спикер кылып шайлаганы жатышса. Анан сиз коррупция менен күрөшө албай жатам дегениңиз — ЛАПША.

Эмнеге коррупция менен күрөшө албайсыз, билесизби? Анткени, коррупциянын анабаштары жана схемаларды калкалап отургандардын абсолюттук көбү парламентте отурат. Сиз болсо алар менен соодалашып алдыңыз. Ошондон улам, мени президент кыла калгыла жана конституцияны мен каалагандай өзгөртүп бергиле, ошондо анан мен баштайм деп лапша илбеңиз. Адамдын эрки биринчи эле күнү билинет. Айтканын жасайт же ошого аракет кылат. Сиз айтканыныздан кайттыңыз. Сиз БИР ДАГЫ АЙТКАН СӨЗҮНҮЗДҮ АТКАРГАН ЖОКСУЗ жана АТКАРБАЙСЫЗ ДАГЫ.

Баса, конституциянын кайсы беренеси уурулар менен күрөшкөнгө сизге тоскоол болуп жатат? Ушуну дагы айтып койунузчу.

П.С, продукты жана курулуш материалдыра асман чапчыды- суу май 80->115 с, эт 320->450 с, жумуртка 6->9 с, шекер 36->55 с, шифер 290->370 с, жыгач 12000->14500 с. Эмнеге антимонополия, финпол же таможня эчтеке кылбай жатат? Анткени, шайлоого аттангандар (контрабандисттер жана коммерсанттар) шайлоого кеткен чыгымдарын бааларды кымбаттатып, элдин жон терисин сыйрып, актап жатат…

Ушуну сиз билбейсизби? Билесиз да. Сизге кулак кагыш кылбай, чимкириктер бирдемке кыла алмак эмес…

Сизди эл колдоду, бирок көшөгөнүн арты таза эмес болуп жатат, жыттана баштады. Эми, сиз элди колдоңуз. Озүңөрдүн инригаңарда жүрө берсеңер, эртең сиз дагы оңкоңуздан сайыласыз.

Унутпаныз, чимкириктер АШАны, Жээнбековду сатышкан. Сиз алар үчүн эч кимсиз.

Ушундай сөздөр Бакиевге, АШАга, Жээнбековго айтылган. Алар уккан эмес. Мен билгенимди кылам деген. Баарынын тагдыры сизге жакшы маалым, бирөөнүн болсо майын өзүңүз сызгырып баштадыңыз. Бектер кетет, эл калат. Сиз эртең кетесиз. Кандай кетесиз, өзүңүз пикир калчаңыз. МЫЙЗАМ ТАЛААСЫНА КИРИНИЗ!

Кеңешип кессеңиз, бармагыңыз оорубайт!!!

П.С. Садырга убакыт жок десенер, коррупция менен күрөшкө убакыттын кереги жок. Ага эрк керек. Мисал, Малазиянын премьери Махатхир Мохамад 1 жумада мурунку премьерди миллиарддарды кустуруп койгон, калганын айтпай эле койойун.