«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров кезексиз президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Анын айтымында, ал өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары бара жатат. Чечим партиянын саясий кеңеши менен макулдашылды.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамда конституциялык реформа аяктаганга чейин парламент депутаттарынын кайталап шайлоолорун өткөрүү тартибин жөнгө салган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Шайлоонун убактысы конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен аныкталат.