Коом

№17 кесиптик лицейдин Алдыңкы тажрыйба борбору Ошто практикалык семинар өткөрдү

2020-жылдын 28-29-октябрь күндөрү №17 кесиптик лицейдин Алдыңкы тажрыйба борбору Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейдин базасында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы кесиптик лицейлердин өндүрүштүк окутуунун устаттары менен практикалык окутуучу-үйрөтүүчү семинар өткөрдү. Бул тууралуу №17 кесиптик лицейден билдиришти.

Семинар Германия эл аралык кызматташтык коомунун «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» программасынын алкагында «Көз карандысыз сертификациялоо аркылуу кесиптик билим
берүүнүн сапатын жогорулатуу» компоненти боюнча өткөрүлдү.

Семинардын программасы:

1. Өндүрүштүк окутуунун устаттарынын кесиптик квалифкациясын жогорулатуу.

2. Көз карандысыз сертификациялоо элементтерин камтыган бүтүрүү квалификациялык экзамендерин уюштуруп, өткөрүүнүн тартиби.

3. Практикалык бөлүм. Мында семинардын катышуучулары «Тигүүчү» кесиби боюнча эки тайпага бөлүнүп, 1-тайпа практикалык иш аткарат же бычылган юбканы тигет. Ал эми 2-тайпа аткарылган практикалык ишти эксперт катары баалайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button