Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана эпидемиялогиялык абалдын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттар аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо багытында райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айылдардын имамдары жана райондук медицина кызматкерлери менен биргеликте жер-жерлерде чакан жыйындар уюштурулуп, дин кызматкерлери ынтымактуу жашоого чакырышууда. Ар улуттун өкүлдөрү жашаган аймактарда бул сыяктуу түшүндүрүү иштери азыркы учурда байма-бай өткөрүлүүдө.

Мындан сырткары РИИБдин кызматкерлери тийиштүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте пандемия учурунда санитардык гигиеналарды үй шартында кантип сактоо керектиги тууралуу кеңештерин айтып жеткиришүүдө. Ошондой эле пневмония оорусунун биринчи симптомдору байкалган учурда кандай тез чараларды көрүү зарыл экендиги жөнүндө малыматтар берилүүдө.