Сауд Арабиясы 1-ноябрдан тарта ажылык сапарга барган чет элдик жарандарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу бир топ чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Эр-Рияд ажыларды жөнөтүүдө ажылык операторлоруна коюлган талаптарды санап өттү, алар 18 жаштан 50 жашка чейинкилер болушу керек. Баруучулар терс натыйжалары менен жаңы COVID-19 анализин алып барышы керек. Сертификат учуп кетээрден эң көп дегенде үч күн мурун алышынышы шарт. Ошондой эле, кайтып келүү билеттери сатып алынып, мейманкана алдын ала падышачылыкта болгон күндөргө  брондолушу зарыл.

Пандемияга байланыштуу Сауд Арабия ажылык сапарга жана мечитте сыйынууга март айынын ортосунда тыюу салган.