Жараткан ар бир адамга талант, жөндөм шык берет экен. Ошол жөндөм шыкты андан ары өркүндөтүп кетиш адамдын өзүнөн жана аны окуткан мугалимдерден экени айныгыс чындык. Бүгүн биз сөз кылып жактан маектешибиз мына ошол адамдын жылдызын күйгүзүп талантын жаркыраткан кесип ээси, тагыраагы Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясынын  Кылмыш жаза укугу жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасынын доценти, милициянын майору Мирбек Ажыгулов жөнүндө болмокчу.

-Сөздү бактылуу балалыктан баштасак, кай жердин кулунусуз, балалыгыңыз кай жерде өттү?  Кайда окуп, кандай билим алдыңыз эле?

-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында, карапайым үй-бүлөдө  чоңойдум. Кичине кезимде аябай тентек болуп, бирок,  мектептин алдыңкы  окуучуларынын катарында болчумун. 8-класска чейин  жалаң беш деген баалар менен окугам, кийин атам кайтыш болуп калды, ошондон улам апама каралашып,  түйшүккө  аралашып калгандыктан болсо керек сабагымда 4 деген баалар аралаш болуп калган. Бирок 3 деген баа алган жокмун.  Орто окуу жайды бүтүрүп Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Экология жана жаратылышты пайдалануу факультетине тапшырдым. Студент кезимде бардыгына жетишкенге аракет кылдым. Окуумду жакшы окуганга, чыгармачылык  ийримдерге катышканга  аракет кылчумун. Студенттик күндөр ар-бир эле адамдын жүрөгүндө бактылуу учур менен калса керек деп ойлойм. Бизди окуткан мугалимдеримди эстеген сайын ыраазы гана болом. Көрсө чыныгы таланттуу  мугалимдерден  билим алган экенмин, ошол эжей агайларымдын баскан-тургандарына,  сүйлөгөндөрүнө таасирленип мен да жаштарга тарбия берсем экен деген ичимде бир тымызын ой жашачу экен.

-Студенттик куракты жалындаган жаштыктын бактылуу мезгили деп айтышат эмеспи. Сиз үчүн бул курак кандай мааниге ээ болду?

-Студент  кезимде адабий кечелерге  көп катышчумун. Чыгармачыл кечелерди уюштуруп көп жерлерге да барчубуз. Спектаклде образ жаратып чыкканым эсимден кетпейт,  анда эжейим мага милициянын образын берген эле… Мүнөзүмө туура келип калдыбы же эмнеликтен билбейм, жакшы аткардым, эсимде калган себеби, аягында сценарий боюнча  кылмышкер менен кармашуу учурунда мен пистолет менен атышым керек эле,  колумда оюнчук пистолет болгондуктан атуу учурунда добушун добулбас коштоп күчөтүп бериши керек болчу, анан ошол учурга келгенде үн коштой турган студент  алаксып кеткен экен мен болсо колумдагы пистолеттин курогун басып калдым, андан башкача үн чыгып  залдын ичи толо кыраан-каткырык жаңырып эле жатып калды.  Спектаклдин сенарийи шаңдуу болбосо дагы бир эпизод көрүүчүлөрдү жылмайтканын мен да эстеп жылмайып калам.

-Студенттик курак жакшы күндөргө катар эле оор кыйынчылыктары менен да эсте калат эмеспи…

 -Студент кезим 90-жылдардын аягына туш келгендиктен үйдөгүлөргө каралашуу да менин мойнумда болчу. Эки эжем, эки карындашым болгондуктан апамды аяп, биздин түйшүгүбүзгө кыйналбаса экен деп сабагымдан чыгып алып базарда иштечүмүн. Кандай гана кыйынчылыктар болсо дагы сабагымды биринчи планга коюп жүрүп “Саргара жортсоң-кызара бөртөсүң” дегендей жыйынтыгында окуу жайды ийгиликтүү аяктагам.

-Билим алуу мезгили бүтүп,турмушка аралашканда алган билимин пайдаланып, турмуштан жолун таап кеткендер же башка  кесипти аркалап кеткендер болот эмеспи, сиздин жолуңуз кандай болду?

-Жогорку окуу жайды аяктаган соң  Кыргыз республикасынын куралдуу күчтөрүндө аскердик милдетимди өтөп келдим, андан соң аркандай багыттагы жумуштарда иштедим, жан дүйнөмө ылайыктуу тармакты издедим окшойт.  2004-жылы Ички иштер министрлигинин Ж.Шабиров атындагы даярдоо мектебине тапшырып артыкчылык диплому менен аяктаган соң, алгач Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө жашы жете электердин иши боюнча инспектор болуп ишимди баштагам.  Ошол эле райондо Аймактык тескөөчү кызматында, кийин Жети-Өгүз районунда ыкчам кызматкер, милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн начальниги  кызматын да аркаладым.  Адам болгондон кийин улам алдыга умтулат эмеспизби, алдыга жылуу үчүн дагы да болсо билим алыш керек деген ой менен ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясына тапшырып, ийгиликтүү аяктадым.  Ал кезде өзүм ИИМдин тарбиясын көрүп, быша түшкөн экем, жакшы окуп, группада староста болуп дагы калдым.  Окууну аяктаар учурундагы акыркы экзамен тапшырууга да убакыт жетип, экзаменге кирген мезгилде чындыгында ийгиликтүү тапшырдым. Берилген суроолордун бардыгына  жооп берип, дагы  суроолор болсо жооп берүүгө даярмын деп туруп калсам, комиссия тарабынан “Сиз практикалык эмес, теориялык жактан ишиңизди улантуу жагын карап көрсөңүз кандай болот?” –деген суроосуна ыңгайсыз боло түшүп «Ойлонуп жооп берсем болобу?»-дегенге араң жарагам, анткени мен үчүн күтүүсүз эле… Ошондогу сезимдерим бир жагынан жомоктогудай болуп, бир жагынан негизги көксөөм орундагандай болуп, менден бактылуу адам жоктой үй-бүлөмө шашып келгеним күнү-бүгүнкүдөй эстен кетпейт. Үй-бүлөм менен да, өзүм менен өзүм да кеңешип,  “Мугалим”  деген оңой кесип эмес экенин, бир учурдагы бүтүндөй муунга болгон жоопкерчиликтин баарын ойлоп, өзүмдү мугалим катары көрсөтө алам деген чечим менен кызматка даяр экенимди ойлонуп келип жооп бергем. Бирок, кыска убакыттын ичинде кыйналгам, эгерде башка окуу жайга мугалимдикке сунуш боло турган болсо мен ойлонбостон макул болбойт болчумун. Анткени, милиция кызматкери катары калыптанып калгандыктан форманы таштоо мен үчүн оор болчу.  Буйрук экен, ошентип мугалимдик кесипти аркалап калдым. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин болгон аракетимди билим берүүгө жумшап келе жатам. “Аракет кылсаң, берекет”-дегендей 2018-жылдын жыйынтыгы  менен “Жылдын мыкты  мугалими” наамына да жетиштим.

-Мындан он, жыйрама жыл илгери ар бир  орто мектептин бүтүрүүчүсү жогорку окуу жайынан окусам дегенде эки көзү төрт болчу.  Айтсаңыз, бүгүнкү күндө курсанттардын билимге болгон умтулуусу кандай?

-Ырасында, жакшы десем да, начар десем да туура эмес болуп калат. Айтайын дегеним курсанттардын ичинен көпчүлүгү аракет кылып окушат.  Анткени, ИИМдин окуу жайына келген курсанттар өздөрү чын дилинен тандап алган кесиби болгондуктан, көңүлүн учурунда билим алууга жумшап жатышат деп ишенимдүү айта алам. Ушул жылы болуп жаткан аралыктагы окуу учурунда аракетчил курсант жана студенттердин билимге болгон умтулуусун байкадым.

-Аралыктан окуу демекчи, сиздер кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуздар? Быйылкы жылы билим берүү тармагы анын ичинде сиздердин дагы окуу жай тоскоолдуктарга учурабадыбы?

-Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Негизинен биздин окуу жай билим берүүгө кандай учур болбосун даяр. Болгону кеп курсант жана студенттердин жөндөмүндө жана кабыл алуусунда. Сабак учурунда, группадагы балдарды көзөмөлдөп, кимиси сабактын жүрүшүн түшүнүп жатат кимдин ою башка болуп жатат деп толук көзөмөлдөп турасың. Аралыктан окуутууда болсо ошого маани бере албайт экенсиң. Бирок, аракетчил курсант жана студенттер каалаган убактысында байланышып, түшүнбөй калган суроолоруна жооп алганга аракеттенип жатышат. Мен дагы алардын түшүнбөгөн суроолору болсо каалаган убактысында байланышыууга болорун айтып жатам.

— Ар бир окуу жайынын башкалардан айырмаланган өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Сиздердин окуу жайдын өзгөчөлүктөрүнө жана шартына токтоло кетсеңиз?

-Бүгүнкү күндө  укуктук билим берүү багытындагы окуу жайларга салыштырмалуу биздин окуу жайда учурдун талабына ылайык шарттар бар. Жетекчилик тарабынан интерактивдүү доскалар ар бир дарс окуучу залдарга коюлуп, мугалимге да, студенттерге да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. ИИМдин Академиясыныкындай шартка башка окуу жайлар жете элек болуш керек. Биздин окуу жай кандай жагдайдан карабаңыз алдыда экенин мен ишеничтүү айта алам.  Анткени бизде студенттердин билимине болгон суроо талап күчтүү. Башка окуу жайларда окууга келбей коюу жөнөкөй көрүнүш болсо, бизде бир сабакка себепсиз катышпай калса окуудан четтетүүгө чейин каралган. Билимге, тартипке катуу көзөмөл коюлган десем болот.

Бишкек шаарындагы башка окуу жайлары менен да тыгыз мамиледе иш алып барабыз. Көбүнчө алар биз менен иштешүүгө кызыкдар десем болот, анткени биздин окуу жайыдын бирден бир айырмачылыгы болуп бир багыттуу окуу жайы болгондугубуз. Биздин профессордук-окутуучулук курамдын дээрлик көпчүлүгү түздөн-түз практика кызматтарында иштеп келгендиктен жана республикабыздагы баардык укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш алып баргандыктан башка окуу жайлар Академиянын мугалимдерин өздөрүнүн студенттерине сабак өтүүгө чакырып турушат.

—  Айрым бир эксперттердин айтканына ишенсек, жакшы билим алууда шартка караганда таланттуу мугалимдер көбүрөөк керек дешет. Бул пикирге сиз кандай карайсыз?

-Бул суроого бир тараптуу жооп бериш кыйын.  Шарт дагы керек, студенттердин дилгирлиги жана ошондой эле мугалимдик чеберчилик дагы чоң роль ойнойт. Мугалим болгон билимин жумшап аракет кылат, кеп кабыл алууда жана билимин турмушта колдоно билүүдө болуп жатат. Таланттуу, талыкпаган  мугалим сөзсүз түрдө керек, ар-бир мугалим жумушуна карата жакшы ой менен берилип ишине ыраазы болсо, зор эргүү менен окуучуларын бийиктикке үндөй алаары турган иш.  

-Мугалимдик касиеттин тегерегиндеги суроодон алыстагым келбей жатат, улуу жазуучубуздун “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген учкул сөзүн туу тутсак, анда мугалим канчалык адам экени окуучу үчүн маанилүүбү?

-Сөзсүз түрдө, мектептин мугалими болобу же жогорку окуу жайдын мугалими болобу мугалим коомго үлгү болуш керек. Студент кезимде мугалимдердин арасындагы доцент, илимдин профессору деген агай эжейлеримдин алдында сүрдөп кетчүмүн. Мен үчүн алар өтө бийик адамдай, алар менен сүйлөшүү өздөрүндөй жогорку адамдардын деңгээли деп ойлочумун. Бийиктикке мен дагы умтулчумун. Мугалимдик кесипти аркалап калышыма себеби, ошондогу эжей-агайларымдын түздөн-түз таасири бар, анткени ошолордой болуп калыптанганга аракет кылдым.     Сиз айткан “сынды” биринчи кезекте мугалим башынан өткөрүш керек. Өзүн сын көз менен карай билүү мугалимдин эң негизги куралы болуш керек  деп ойлойм. Ар ким өзүнүн жетишкендигин бийиктик катары баалап эле башкалардын көңүлүн оорутуу адамгерчиликке жатпай калат.  Мугалимдик кесип менен байланыштырсак, мисалы мен өзүмдү курсант жана студенттеримден жогору коё албайм, себеби, “сен билбегенди мен билем, окусаң-окубасаң өзүңө” деген мамилени кылсам туура эмес болуп калбайбы… Ошондуктан турмуштук тажрыйбамды да, билимимди да бергенге аракет кылам. Курсанттарымдын менден коркуу сезимине эмес, ээн-эркин  оюн айтканга, суроолору болсо тартынбай, кысынбай кайрылса экен деп аракет кылам.

Улуу жазуучубуз да бүтүндөй адамзатты билим алууга, бийиктикке, адамгерчиликке үндөгөн. «Мугалим мөмөлүү дарак» деген макал да так даана айтылгандай, дарак   бийиктеш үчүн тамыры тереңдеши маанилүү болгондой эле мугалим дагы ар тараптуу жакшы сапаттарга умтулуп турушу керек деп эсептейм.

-Курсанттарга кандай кеп-кеңештерди бересиз?

-Убакытты туура колдоно билүүгө үндөйм. Негезги милдеттери окуу болгондуктан болгон күч аракетин, көңүлүн окууга жумшоолорун гана айтам, сабактардагы дискуссияларга ээн-эркин катышууга үндөйм. Анткени 4-5 жылдык убакыт  көз ачып жумганча өтөт.

-Үй-бүлөңүз туралуу  бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз?

-Үй-бүлөөлүүмүн. Жубайым экөөбүз үч уулду тарбиялап өстүрүп жатабыз. Үч балам тең мектепте окушат. Жубайым жогорку билимдүү, убагында Ысык-Көл университетинде мугалим болуп иштечү, уулдуу болгонубузда үйдө болуп, кийин мен жумушумдан ары-бери жер которуп иштеп калгандыгыма байланыштуу мени колдоп өзүнүн жумушун таштап, уулдарыбызды тарбиялап үйдө. 

Канат МАЖИЕВ