Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Нургазы Анаркулов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Наргиза Мансурова берген арызынын негизинде президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.