Коом

Чек арачылар Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен күчөтүлгөн тартипке өттү

Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкелерин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.

Күчөтүлгөн режим президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кечээ 20.00дөн тарта башталды. Учурда чек араларда кырдаал туруктуу.

Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ыкчам маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракеттерди жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button